Москвадагы кырсыкка шектүүнүн атасы: "Кырсыкка бейкүнөө адамдар дагы кабылган. Алардын жакындарынан кечирим сурайм"
Москванын Марьино районунда жолдон өтүп бараткан топ кишилерди унаасы менен сүзүп кеткен Бекжан С.нын атасы жабыркагандардан жана алардын жакындарынан кечирим сурайт. Ошондой эле кырсыктан каза болгон жигиттин ата-энесинин алдынан өтүп, маркумдун тажиясына катышып келгенин SUPER.KG порталына билдирди.
"9-сентябрь күнү таңга маал болгон окуяда каза болгон жигиттин ата-энесинин алдынан өтүп, кечирим сурадык. Маркум Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылынан болот экен. Бүгүн, 12-сентябрда анын сөөгү жерге берилип, туугандарым менен барып топурак салып келдим. Маркумдун ата-энеси, туугандары түшүнүү менен кабыл алышты", - дейт Жүжүбаев.
Ал эми 9-сентябрдын таңында болгон окуяда бейкүнөө адамдар дагы кырсыкка кабылган. Бекжан С.нын атасы жабырлануучулардын арасында бейкүнөө адамдар дагы бар экенин айтып, кечирим сурады.
"Кырсыкка кабылгандар Москвадагы ооруканаларда дарыланууда. Алардын арасында окуяга такыр тиешеси жоктор дагы бар. 1-2 жигиттин абалы оор экен. Окуяга тиешеси жок жабырлануучулардан жана алардын жакындарынан өзүмдүн, уулумдун атынан кечирим сурайм. Кырсык айттырбай келет", - дейт ал.
Эске салсак, 9-сентябрь күнү Москва шаарында 20 жаштагы Бекжан аттуу Кыргыз жараны унаасы менен жол четинде турган 10дой Кыргыз жаранын сүзүп кеткен. Кырсык тууралуу кылмышка шектүүнүн карындашы, андан кийин өзү дагы окуя тууралуу көрсөтмө берген. Кылмышка шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынган. Атасы Иса Жүжүбаев SUPER.KG порталына уулун окуяга чейин 10 бала шылдыңдаганын айтып берген. Ал эми Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги кырсыктан 11 адам жабыркап, дагы 1 адам каза болгонун маалымдаган. Жабырлануучулардын бири 9-сентябрдагы окуяга эч кандай тиешеси жок экенин айткан.
кошулду



Тмги коп балдар ХХХХХХХХ ишин кылыптыр, мен алардын тарабын алгым келбейт. Бирок аларга жооп деп машине менен олтуро сузгону туура эмес. Колу менен кылганын мойну менен тартууга тийиш...
Эми туштон кийин унааны онго бурам деп солго буруп алыпмын, тормоздун педалын тебем деп газдын педалын тээп алыптыр, корбой калыптыр деп бут тууган уругунар менен калп айтуудан уялгыла. Уулун калп суйлоп отурат, кызын калп суйлоп отурат, тиги аганбы ининби ал калп суйлоп отурат же семейный калпычысынарбы?!!
Видеодо уулун машинени ордунан козгоп ото катуу ылдамдыкта келип сузуп жатат. Атайылап сузуп жатат...
ХХХХХХХХ
Ошого окшоп бейбаштык кылып жургон башка Мекендештерибизге да сабак болот...
Москвада квартирада деле туулган кун тоссо болот комнатасына дасторкон жасап. Жок, кызы жасанып эл козуно корунгусу келди. Барып туну менен тайрандап бийлегиси келди. Анан кантип башка балдар тийишпей кое алат, айтчы?!!
Жазасы женил болсун,сабыр баарынын урук туугандарына!
Калп айтканда табаар пайданар эмне?!! Машине менен куулонуп катуу келип атайылап сузгонун бир биз эмес, орустар да тушунуп отур
Ар бир колдонуучу порталдын эрежелерин бузбай, өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Жеке айтышууларды купуяда уланткыла! Чектен ашып кемсинтип, жекеликке карата жазылган билдирүүлөргө жол берилбейт! Эскертүү баарыңарга!