19-июлда космостон Сатурн планетасын сүрөткө тартуунун кезектеги этабы өтөт
Америкалык NASA
космостук агенттиги билдиргендей, жакында "Кассини" станциясы Сатурн планетасын кайрадан сүрөткө тартат. Планетаны кадрга түшүрүү учуру 19-июлга туура келет. Аталган космостук аппараттын жогорку сапаттагы камерасы Сатурндун сүрөтүн 1,6 миллион чакырым алыстыктан ар бир 15 мүнөт сайын тартып турмакчы. Айта кетсек, планеталар аралык "Кассини" станциясы италия-француз астроному Жованни Кассининин атынан коюлган. Ал 2004-жылдын 30-июнунан бери орбитада жана Сатурн планетасын, анын спутниктери менен шакекчесин атайын илимий жабдуулардын жардамы менен изилдеп келет.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















