Мушкер Дастан Шаршеев К-1 боюнча Орто Азия чемпиондугунда чемпиондук кур тагынды



Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев Өзбекстандын Ангрен шаарында өткөн К-1 боюнча Орто Азия чемпиондугунда ийгиликтүү беттеш өткөрүп, чемпиондук курдун ээси болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Дастан Шаршеев кабарлады.
Мушкер 71 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, чемпиондук кур үчүн өзбекстандык мушкерге каршы чыккан. Беттештин жүрүшүндө Дастан Шаршеев атаандашынан мыкты болуп, калыстардын чечими менен жеңишке ээ болгон.
Муну менен Дастан Шаршеев К-1 боюнча чемпиондук курдун ээси болду.
Дастан Шаршеев өзбек мушкерин утуп алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
5

Так что эртен криминал болуп бироону карактаса, 100 жолу чемпион болгонунан эмне пайда.....