super.kg logo

"Apple" компаниясы 2 SIM карталуу жаңы телефонун чыгарды. Баасы 129 миң сомго чейин

 

"Apple" компаниясы адаттагыдай күзүндө жаңы телефондорун презентациялады. Бул ирет АКШлык компания коомчулукка iPhone'дун 3 үлгүсүн коомчулукка көрсөттү. "Apple'дин" жаңы телефондорунун аталышы - XS, XS Max жана XR.

XS былтыркы iPhone X'тин жаңыланган версиясы болсо, XS Max'тын экранынын өлчөмү 6,5 дюйм болду. Ал эми XR аталышындагы iPhone бюджеттик версия делгени менен арзан деп айтууга болбойт.

iPhone XS жана XS Max

IPhone XS менен XS Max үлгүлөрү сырткы көрүнүшү боюнча iPhone X'тен айырмаланбайт. Бирок бул ирет аталган телефондор жаңы Apple A12 Bionic аттуу процессорго жана жакшыртылган камерага ээ болуп, максималдуу эс-тутуму 512 гигабайтты түздү.

Андан тышкары, аталган телефондор эки SIM-карталуу болот, бирок Кытай аймагында чындап эки SIM-карта салынса, башка аймактарда экинчи SIM-картасы виртуалдуу болот.

Жаңылоонун дагы бири бул телефондор 3 түстө чыгат, көнүп калган боз жана күмүш түстөрүнө бул ирет алтын түстөгү телефондор кошулат.

iPhone XS:

Экранынын өлчөмү 5,5 дюйм жана 2560x1440 пикселдүү Super Retina (OLED) дисплейи орнотулган.

Баасы: 64/256/512 ГБ - 88 миң 600/ 101 миң 700 / 119 940 сом;

iPhone XS Max:

Экранынын өлчөмү 6,5 дюйм жана 2688х1242 пикселдүү HDR OLED дисплейи орнотулган .

Баасы: 64/256/512 ГБ — 97 миң 700 / 110 миң 800 / 129 миң сом.

iPhone XR

Көпчүлүк Apple'ден iPhone X'тин мүмкүнчүлүктөрү менен бюджеттик телефон күтүп жаткан, бирок компания аны башкача ишке ашырды. Жаңы iPhone XR - iPhone 8 менен iPhone X'тин чагылыштыруу болду. Жаңы телефондо IPS-экран, бир объективдүү камера, OLED экран жана Face ID болот. iPhone XR алты түстө сатыкка чыгат. Алар: ак, кара, кызыл, сары, көк жана маржан түстүү болот.

iPhone XR:

Экранынын өлчөмү 6,1 дюйм жана 1792х828 пикселдүү болуп, максималдуу эс-тутуму 256 гигабайт болот.

Баасы: 64/128/256 ГБ - 65 миң 500 / 69 миң 500 / 78 миң 600 сом.

Аталган смартфондор 2018-жылдын 28-сентябрынан баштап сатыкка чыгары айтылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
13.09.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кымбат экен, лучше Samsung Note 9 алгыла, ошол жакшы... Чем iPhone Xs Max алгыча.... Эгер акчанар коп болсо албетте.....
13.09.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мындай акчага лучше машина алып алганым жакшыго.менин телефонум.азыр эч кимде жок.нокиа.черный белый эле.фото апараты жок.сонун телефон заряткасы 15 кунго жетет.ичинде змейка оюндары бар.кечке ойун ойносонда очпойт
13.09.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mikra,маркасы кандай
13.09.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Mikra, алганга мүмкүнчүлүк жок үчүн айтып атасында. Акча болсо башкача сүйлөйт элең.
13.09.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Нокиа 3310 модели эле жакшы экен, 2000-жылдардын башында чыккан.....

Баса, айрым СНБешниктер ушул моделден которот дейт, прослушка мумкун эмес экен...
Chagylgan2 түзөттү 2018-09-13 11:22:21
13.09.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Антенасы бар эски маркадагы бирок иштеген нокиа сатып алам. Купуя кат менен байланышабыз!
13.09.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нокиа мусор болуп калдыго уже
13.09.2018. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол кирпич нокианы азыр баары издеп жатат.Мен да иштеген,состояниеси жакшы болсо алмакмын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: