Депутат Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнөн 140 миң тонна көмүр экспорттоону суранып жатканын айтты. "Бирок Кыргыз өкмөтү өндүрүштү колго ала албай жатат" деди Бакиров
Өлкөнүн облустарында көмүр запасы жетиштүү жана аны экспорттоо зарыл. Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирди.
Ал Өзбекстан көмүр сатып алуу ниетин билдиргенин айтты.
"Өзбекстан ай сайын 140 миң тонна көмүр экспорттообузду суранып жатат. Эсептесек 3,5 миллион доллар болот экен. Карагыла, кандай салык, кандай инвестиция. Ушул өндүрүштү колго алыш керек. Бул тармакты изилдеп, карап чыгып, реалдуу экономикага пайда алып келсек болот. Темир жол тармагына жакында эле 150 вагон алышты. Өзбекстан 2 миң вагонго буюртма берип жатат. Болгону 50 пайызын эле камсыздап жатабыз", - деди Бакиров.
Учурда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ар кандай маселелер каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
1

Канча акча, инвестиция деп коет. Бир тонна комурду ошондо 25$дан (1700 сом) сатасынбы, эл комурду тоннасын 60-80$дан (5000 сом) алып жатканда?!!
Эми ошол комур коп корунуп жатабы ыя?!! Эртен ошол комурлор тугонсо эл тезек жагабы ыя?!! Же токоюбуз болбосо отун жаккыдай?!!
Бул Жогорку Кенешке кандай а****тар чогулуп калган, сатсам, жулсам, уурдасам деп отурушат баары... Кудайдан коркчу Кудайдан, элден коркпосон да!!!