super.kg logo
  Саясат  

Токон Мамытов акыйкатчы кызматына сунушталып жатканы боюнча маалыматты четке какты

 

Айрым маалымат каражаттары Жогорку Кеңештеги фракциялардын бири тарабынан мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов акыйкатчылык кызматына көрсөтүлүп жатканын жазышууда.

SUPER.KG порталы Токон Мамытовго байланышка чыкканда, ал айтылып жаткан маалыматты төгүнгө чыгарды.

“Мени бир дагы фракция чакырып "акыйкатчы кызматына барыңыз" деп сунуштай элек. Коомдук тармакта айтылып жаткан сөздөр жөн гана божомол. Эгер сунуш түшсө, анда депутаттардын колдоосуна ээ боло аламбы? Бул кызматты аркалоо колумдан келер-келбесин анализдеп анан чечим чыгарам го. Өзүм эле "мен барам" деп чуркап барып алсам болбойт”, - деди Мамытов.

Буга чейин "Ата Мекен" фракциясы акыйкатчы кызматына Канатбек Азизди көрсөтө турганы белгилүү болгон. Парламенттеги башка фракциялар азырынча өз талапкерлерин көрсөтө элек. Ал эми Акыйкатчы институту акыйкатчы кызматына Урмат Аралбаевдин талапкерлигин сунуштаса, президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев акыйкатчы кызматына өз талапкерлигин көрсөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: