"Быйыл мамлекеттик 105 той өтөт экен". Депутат Акылбек Жамангулов мамлекет тарабынан каржыланган той-мааракелерге 5 жылга чектөө киргизүүнү сунуштады
"2018-жылга карата мамлекеттик 105 той өткөрүү каралган". Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов парламент жыйынында айтты.
Ал бюджеттин абалы жакшырганга чейин той-мааракелерге мораторий киргизүүнү сунуштады.
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар - бул жакшы. Бирок быйыл мамлекеттик 105 той каралыптыр. Ар бирин 2 миллион сомдон эсептесеңиздер да көп сумма кетет. Быйыл Сузактын 100 жылдыгы, Лейлектин 90 жылдыгы, Каракол жана башка мааракелер каралыптыр. Аталган той-мааракелерге 5 жылга мораторий киргизбейлиби? Бюджет жакшы боло баштаганда кайра өткөрө берет элек", - деди Жамангулов.
Учурда парламентте ар кандай маселелер каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Анан бюджеттен олчойтуп акча сурашат, ал аздай эптеп кун коруп жаткан мугалим, врач-медсестра ж.б.айлыгынан кармап калат. Губернатор, акимдер ичип-жеп кетет. Кызматты кылган эл, жебеген самсага акча тологон эл. Мектеп, бала бакча, оорукана курууга келгенде акча жок. Ошондуктан 20 жылга мораторий киргизуу керек!