Футбол боюнча Кыргыз курамасы 2 беттештен кийин ФИФАнын рейтингинде 1 сапка өйдө көтөрүлөт

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы өз талаасында өткөргөн 2 жолдоштук беттештен кийин ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 1 сапка өйдө көтөрүлөт.
ФИФАнын 289-рейтинги расмий түрдө 20-сентябрда жаңыланат. Аталган рейтингде жолдоштук беттештердин жана Улуттар Лигасынын 2 турунун жыйынтыктары эсепке алынат.
Кыргыз курама командасы өз талаасында 6-сентябрь күнү Палестина улуттук курама командасы менен беттешип, оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталган. Ал эми 10-сентябрда орун алган беттеште күчтүү командалардын бири Сирия улуттук курамасын 2:1 эсебинде жеңип алган.
2 беттештин жыйынтыгында Кыргыз курама командасы кошумча 5 упай алып, 1265 упай менен 92-орундан 91-орунга көтөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
keba300989

13.09.2018. 14:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аалгалайбер кыргызстан хехехе. ийгилик футболчуларга
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.