Ооганстанда орун алган жан кечтинин жардыруусунан каза болгондордун саны 60тан ашты
Ооганстандын Нангархар провинциясында жан кечтинин жардыруусунан улам каза болгон адамдардын саны 60тан ашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, жан кечти 11-сентябрда аталган провинциянын борборунда нааразычылык акциясы болуп жаткан учурда жардыруу жасаган. Азыркы тапта окуядан жаракат алган 165ке жакын киши Желалабад жана Ганихейль аймагындагы ооруканаларга жеткирилген.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине ылайык, азыркы тапта бир дагы топ болуп өткөн жардыруунун жоопкерчилигин өзүнө ала элек. Ал эми "Талибан" кыймылы бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
TUMAN1

13.09.2018. 13:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тооба не деген эле заман болуп жатат??? Жайлары жаннаттын болсун. Ооруларга швпаасыни берсин
i1urp

13.09.2018. 13:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында биз дагы экинчи Афганистанга айланат окшойбуз. Динге башын салган Афганистан жарыган жок. Биз кайдан жарымак элек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.