super.kg logo

Депутат Бакыт Төрөбаев авиакаттамда болгон кооптуу учурларды эске салып, өлкөдөгү авиапарктын абалына нааразы болду

 

Өлкөдөгү авиапарк жаңылоого муктаж. Мындай пикирин бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев парламенттик жыйында айтты. Ал бул багытта бир катар кооптуу учурлар болгонун, алар өлкөгө коңгуроо экенин белгилеп, мунун үстүнөн иштөө керектигин билдирди.

"Улуттук стратегияда “Коопсуз өлкө” деп так жазылган. Ал жерде принцип жөнүндө кандай иш-чаралар аткарылышы керек так көрсөтүлгөн. Өкмөттүн эң негизги милдети жарандардын коопсуздугун камсыздоо. Ошол стратегиянын транспорт боюнча бөлүгүндө ички авиакаттамдарды калыбына келтирүү жөнүндө да жазылган. Мен Авиадепартементтин абалы жөнүндө сөз кылсам көп кемчиликтер бар. 3 окуяны айтып берейин, бир ирет Бишкек-Ош авиарейсинде учактын бир тетиги күйүп кеткен.

Экинчисинде, депутаттар, өзүбүз күбө болдук, Бишкектен учуп Төө-Ашуудан кайра кайтып келгенбиз. Үчүнчүсү, учак чийин белгиге жүргүнчүлөрү менен чыгып уча албай калды. Бул коңгуроо. Авиадепартамент авиарейстерди көзөмөлдөбөйт, коопсуздукту карабайт, авиапаркты жаңылабайт. Өзү өнүкпөйт же аймактагы шаарларды өнүктүрбөйт.

Ашырбек Темирбаев өкмөт бул маселени өзү көзөмөлгө албаса, Кудай сактасын... Жол салуу, автобус троллейбус алуу жакшы. Учактарды жаңылап койсок, ошол авиакаттамдарда биздин эл жүрөт. Өкмөт тез арада карап чыксын", - деди Төрөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: