super.kg logo

"Мугалим баламдын чачын кыркып, далысына 3 жолу урган. Эми уулум сабакка баргандан коркуп жатат" дейт ата-эне. Ал эми мектеп директору окуянын чоо-жайын түшүндүрдү

 
Окуучунун көйнөгү
"Мугалим баламдын чачын кыркып, аны колуна карматкан" дейт апасы

Ноокат районундагы Он Эки-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Нарай орто мектебинин окуучусунун апасы А.К. SUPER.KG порталына байланышка чыгып, аталган мектептин директорунун орун басарына нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, директордун орун басары анын 6-класста окуган уулу Марлендин чачы өсүп кеткендиги үчүн далысына 3 жолу уруп, чачынын артын кайчы менен кесип салган.

"Уулум 6-класста окуйт. Анын башында бир аз тырыгы бар болгондуктан, аны жашыруу үчүн чачын бир аз өстүрүп жүрөт. 11-сентябрь күнү директордун орун басары балама "чачыңды албайсыңбы" деп окуучулардын көзүнчө далысына 3 жолу уруп, чачын кайчы менен кесип салыптыр. Балам сабагы бүткөнчө 6 саат бою ошол боюнча отурган. Үйгө келгенде карасам, көйнөк, майкасы бүт чач. Кыркылган чачы коюнуна кирип кетиптир. Аябай ызаланып, аны экспертизага жөнөтүү үчүн ошол боюнча сактап койдум. Мугалимдин ушундай кылууга акысы барбы? Жок дегенде мага бир ооз айтып койсо, мен себебин түшүндүрмөкмүн да", - деди ал.

Ошондой эле баласы эми мектепке баргандан коркуп жатканын айтты.

"11-сентябрда балам болгон окуяны айтып келгенде, дароо аны видеого тартып алгам. Анда коркуп жатып араң сүйлөгөн. Эртеси мектепке жиберейин деп тургузсам, такыр баргысы келбей койду. Уулум жаш, билим алуусу зарыл. Эми кайра кантип окууга барууга көндүрөм, билбейм", - деп кошумчалады.

Мындан улам ата-эне айткан директордун орун басары Замира Шералиевага байланышып, окуянын чоо-жайын сурадык.

"Мен текшерүү учурунда Марленге чачын тегиздетүү керектигин эскерткем. Кийин да текшерип жүрүп, 6-класска баш баксам, ал дагы деле чачы өскөн боюнча жүрүптүр. Сыртка алып чыгып түшүндүрөйүн десем чыкпай койду. Анан жанында отурган окуучулардын бири кайчысын берип, "эже, өзүңүз эле кыркып салбайсызбы" деп калды. Анын кайчысын алып, чачынын артынан тегиз кылып көп болсо 3-4 миллиметр эле кырктым. Анан "эми калганын өзүң үйүңдөн алдырып кел, ээ?" деп артынан таптап койдум. Бирок урган эмесмин. Арадан көп өтпөй эле анын апасы мага телефон чалып, аябай жаман сөздөрдү айтып баштады. Теңелбейин деп унчуккан жокмун. Андан кийин мектепке келген. Шашпай сүйлөшүп, түшүндүрөйүн десем такыр эле сөзгө келбей койду. Ал эми окуучунун тырыгы чекесинде экен. А мен чекесин эмес, артында узун болуп өсүп турган чачын кырккам", - дейт директордун орун басары.

Ал эми мектеп директору Рахима Абдиева буларга токтолду.

"Замиранын мугалим болуп иштеп жатканына 25 жыл болсо, директордун орун басары кызматында 13 жылдан бери иштеп келет. Ал окуу жылы башталганда ар бир класска кирип, мектеп формасын жана окуучулардын тазалыгын текшерген. Ошондо 6-класстын окуучусу Марлендин чачы өсүп турганын көрүп эскертүү берген. Арадан 1 жума өткөн соң кайра текшерип, анын чачы дагы деле узун болуп турганын көрөт. Ошондо окуучулардын биринин кагаз кескен кайчысын алып, арт жагын бир аз эле тегиздеп койгон. Ал эми далысына 3 жолу урган деген сөздү тактоо үчүн окуучулардан сурасам, андай болбогонун айтышты. Негизи биз окуучулардын тазалыгына аябай көңүл бурабыз. Ата-энеси чет өлкөдө болуп, чоң ата-чоң энелердин колунда жүргөн балдар бар. Алардын тырмактары алынбай калган учурларда өзүбүз алып беребиз", - деди ал.

Ошондой эле бул иш боюнча окуучунун апасы милиция бөлүмүнө арыздангандыктан, мектеп директору менен анын орун басары түшүнүк кат жазып беришкенин кошумчалады.

Материалдагы видео окуучунун апасынын макулдугу менен жарыяланды.






Окуучу окуянын чоо-жайын айтып берүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(70)
13.09.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Энеси болушчактын баласы ыйлак деген болуптур да, бизди деле окуп жургондо завуч чачыбыз осуп кетсе озу жетелеп барып стажорлорго бекер тегиздетип келчу алар болсо тегиздегени уйронуп чачыбызды тепкич кылып салчу ошондо деле эч кимдин ата энеси арызданчу эмес кайра уялып калышчу баласынын осуп кеткен чачынан. Бул эженин акылы аябай терен экен баласына эле оор болот коомчулукта мындай тарбия менен, классташ, тентуш, досторунан четке чыгып кошпой калышат апасына арызданат деп.
Медиа-портал
13.09.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Иийи алтыным ий,мектептен кетсин депсин завучту.Башка мектепке кетип кал сен.Башка мектепте эч нерсе дебейт экен,чачынды остуруп оруп журо бересин!Баардыгы сага жардам берет.Кааласан партага жатып алып сабак окуйсун!
13.09.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мындай ыйлак балдар элге жагымсыз да болуп калышат, бул басынтуу эмес туура тушунгуло
13.09.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Туура эле . Агай Эжеке тарбия беруучу киши . Жаман бол деп кыркпагандыр - жакшы бол , тен бол деп куйуп айтса укпаганго бала . Ата Энесинде куноонун бары . Болот ар бир айылда , шаарда -ХХХХХХХХХХХ сотко берем деп .ХХХХХХХХ Мектепке барып 50 балага тарбия берип корсунчу озу .
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-14 09:43:44
Медиа-портал
13.09.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Чын эле чачы узун экен мугалим да айта берип тажаганынан кыркты да туура эле кылат.Бизди урганда эжекенин таяктары сынып кетчу (указка) кайра уйго келип айтыштан уялчубуз
13.09.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Зауч жакшы кылыптыр, чачын түбүнөн эле, кичине кесип коюптурго, ага эмне мынча чычаладың, уялбайсыңбы болбогон нерсеге эле, элге жарыялап не таптың, макул ал иштен алынсын, анан балаң 11 ди бүткүчө кантип окуйт, аны баары жаман көрүп, мугалимдерге түртүндү болуп бүтөт, кайра кечирим сурап, балаңды таза тыкан кылып окуусуна жөнөт, ХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-14 09:45:02
Медиа-портал
13.09.2018. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тооба эй ушундай да болобу
13.09.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми сен мектебиңден чыгып эле кет... ХХХХХХХХ Мен мектепте окуп жүргөндө 6-классымда бир саат боюу стол көтөрүп тургам тапшырма аткарбаганы үчүн.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-14 09:49:51
13.09.2018. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балага берген тарбияң ушулбу үйрөтүп кетсин деп эгер ошол Каникей Замира менен ич ара өзүңөрдүн мамилеңер келишпесе эмне балаңы ортого салып жатасың чачын кыска кылып кыркып таптаза кылып жөнөтпөйсүңбү сабак башталганына он күн болбой чачы өсүп жүрсө балаң кетсин деген сөз эмне экенин да түшүнбөйт сен үйрөткөн сөздү айтып жатат уят мектептин өзүнүн тартиби бар демек ошого баш ийишибиз керек
13.09.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Мугалим Баланы урган эски заман бул кылыгы учун тиги Зауч мыйзам алдында жооп бериши керек.
13.09.2018. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
6 класстагы бала эмне болуп атканын деле озу тушунбой эле, мамасы айткан созду кайра кайталап маанисин деле тушунбой депутаттардан жардам сурайм кетсин деп
13.09.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушинтип ашыкча болушуп жатып эртең чоңойгондо өз башыңа муш болот.Көрүп жатабыз ансыз деле азыркы жаштардын мүнөзүн.
13.09.2018. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
апасы болушчаактын баласы ыйлаак
13.09.2018. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биздин чачыбыз осуп кетсе желке чачыбыздан уучтай кармап туруп которчу. Же чекебизден 5-6 чачты бир жулганда агай эртен алып келем дечубуз. Ошол агай-эжейлерибизге мин ирет таазим. Мугалим бул дуйнодогу эн ардактуу кесип деп билем. Канчалаган балдарды тарбиялап, канча нервин кетирет.
13.09.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура эле кылган мектепте тартип болуш керек урса эмне болуптур жакшы болсун деп ататда
Медиа-портал
13.09.2018. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин класс жетекчи Агай часы оскон балдарга эскертет эле чачыны кырктыр деп, кырктырбаса жакшынакай кылып крестик кылып озу кырктып таштачу.
Эртесинде карасан балдар тегиздетип келген болот эле.
Ал эми мына бул баланын апасы обу жок аял го, соз жок!!
13.09.2018. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Башына тырык салып ургансып мага жардам бергиле деп суйлотуп уят эле биринчиден баландын чачын тегиздеп таптаза кылып жибер сабака.
Медиа-портал
13.09.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бети жок келин экенсинда. Эми ушул видеодон кийин балан созсуз мектепке барбайтда. Жалган создорду суйлогону учун. Завучту кетсин дебей андан озун ккчирим сура
Медиа-портал
14.09.2018. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мугалим эн туура кылган бул иши учун завучту эч ким иштен бошотпойт
Медиа-портал
14.09.2018. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Апанын акылы жок экен, баланын психологисына доо кетирип. Эсиме биздин мектептеги окуя түштү. Талант деген классташым чачын өстүрүп келгенде агай төбөсүндөгү чачын бажырайтып Т түрүндө алып койгон. Окуучулар шылдыңдап күлгөн ата-энеси неге минттиң деп сурап да коюшкан эмес. Могу баланы ушинткенде апасы асынып эле алмак экен э
Медиа-портал
14.09.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркек баланын чачын тасырайтып алып эле койсонор болмок мугалим байкуш мектепте иштегиси деле келбей калат азыр эмне болсо эле телофонго тартып эле чыгарышып бале болду
14.09.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен деле ушул мектепти аяктагам 10жыл мурда, директор биз кеткенден кийин келген, а Замира эжейди жакшы билем. Ал бизди да окуткан, ар ким ар нерсе дейт бирок мен эжей тараптамын .Неси болсо да 11 ж оз козум менен коргом тарбиясын
Медиа-портал
14.09.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ии тоба адамдар дени соо жургонуно шугур кылбайбы.ушул кичине нерсени да койгой кылып алышат Азыркы убакта эмне деген кырсыктар болуп жатат оорулар кобойду азыр бассак турсак дуйно тынч болсун эч ким оорубасын деп журобуз эми бул аялдын проблемасын кара
Медиа-портал
14.09.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ажылдаган ажаан ээси жок апа турбайсынбы. Баландын психологиясын бузуп.
17.09.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айлыктын аздыгынан эркек мугалимдер калбай калган да, эркектер тарбияны бермек. Эжейлерге рахмат
Медиа-портал
17.09.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин чачыбызды лезвия менен алчууго чиркин,жалтыратып.мындай остуртбойт эле ата энелерибиз. ал эми урган жагына келсек,жонубузга муштап эмес,башыбызга сызгыч,китеп менен чаап салышчуу агай эжекелер. уйго арызданыпда келчуу эмесбиз.
Медиа-портал
17.09.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бир окуя дале эсимде. жетинчи класска окуп калганда озубузчо чоноюп чач койо баштаганбыз балдар. бир куну агайыбыз доскага тизип туруп баарыбызды,бирибиздин чачыбызды плюс,бирибиздикин минус кылып кырккан. кыздарга оло кулку болгонбуз. кандай сонун кундор окуучулук кундор ээ достор.
Медиа-портал
17.09.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аай иий балага кантип ушинтип сөз үйрөтсүн
Медиа-портал
18.09.2018. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сооп иш кылыптыр мугалим, баланын атасы жок бекен чачы кайра оспойбу же?
Медиа-портал
18.09.2018. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул комменттерди тиги апа сөрөйгө жеткирип койгулачы. Кумурскадан пил жасаганын билип уялат бекен. Иштен кетсин имиш.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: