super.kg logo
  Саясат  

Депутат Строкова: "3 миң мугалимди кыскартып, калганына саат кошуп берүү деген реформаны бул тармакты билбеген адам гана жасайт"

 

Бүгүн, 13-сентябрда парламент жыйынында бир катар маселелер талкууланууда. Анда депутат Евгения Строкова өлкөдөгү билим берүү тармагынын абалы начар деп белгиледи. Депутаттын айтымында, Билим берүү жана илим министринин киргизген реформасы - тескери жыйынтык берет.

"Бизде билим берүү системи азыркыдай оор абалга келген эмес. Билим берүү министри бизге кореялык, сингапурлук билим берүү системин киргизди. А бизде өзгөрүү жок, мындай алдамчы реформанын кереги жок.

3 миң мугалимди кыскартып башкаларына саат кошуп берүү менен кандай реформа жүрөт? Муну билим берүү тармагын билбеген адам жасайт. Министр өзү күнүнө 6 саат катар сабак өтүп көрсүн. Ошондо сабакты кантип бөлүштүрүү керек экенин түшүнмөк. Айрым мектептерде физика мугалимине математикадан сабак бөлүп койгон, ал мугалим "мен математикадан жеткиликтүү сабак бере албайм" деп айтып жатат. Мындай абалда кете берсек болбойт", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: