super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 13-СЕНТЯБРЬ: Германиянын мыкты футболчусу, Дүйнө чемпиону Томас Мюллер 29 жашка толду

 

Бүгүн дүйнөдөгү мыкты спортчулардын бири, Германиянын заманбап тарыхындагы эң таланттуу футболчусу Томас Мюллер 29 жашка толду. Ал 1989-жылы 13-сентябрда Германиянын түштүгүндөгү Вайльхайм шаарында төрөлгөн.

Карьерасы

Мюллердин профессионалдык карьерасы мюнхендик "Бавария" футболдук клубу менен бекем байланышта. Аны менен Мюллер 6 жолу Германия чемпиондугун, 4 жолу Германия кубогун, 3 жолу Германия Суперкубогун, 1 жолудан Чемпиондор Лигасын, УЕФА Суперкубогун жана клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун жеңген.

Жаш кезинен футбол менен алек болуп чеберчилиги менен айырмаланчу. Анын ата-энеси Томастын өнөрүн көрүп "ТСВ Пель" клубунун спорттук клубуна берген.

10 жашында Томас Мюллер "Бавария" футболдук клубуна өтүп, аталган клубдун 2-командасында ойноп баштайт. Ал өзүн универсалдуу оюнчу жана ар кайсы позицияда ойной ала турганын көргөзгөн. Бат эле команданын лидери болуп, сезондун аягында жаштар арасындагы Германиянын чемпиону болот.

2007-жылы Томас Мюллер "Бавариянын" негизги командасына өтүп, алгачкы оюнуна "Гамбург" командасы менен болгон беттешке катышат. Бул беттеште ал өзүн жакшы көрсөткөнү менен ага ийгилик алып келген эмес. Чемпиондор Лигасындагы алгачкы оюну башкача көрүнүш. Португалиялык "Спортинг" менен болгон беттеште Мюллер алмашууга чыгып, бир нече мүнөттөн кийин чечүүчү голду киргизген.

Кийинки жылдары Томас Мюллер "Бавария" командасынын лидери болуп, Германияда мыкты футболчу аталат. Германиянын улуттук курама командасы менен 2010-жылы Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болот. 2012-жылы жана 2016-жылы Европа чемпиондугунун коло медалынын ээси болот. Ал эми 2014-жылы Бразилияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду ээлеп, “алтын бутсанын” ээси болот.

Жеке жашоосу

2010-жылы Томас Мюллер модель Лиза Мюллер менен баш кошкон. Буга чейин алар 2 жыл сүйлөшүп жүрүшкөн.

Футболчу кайрымдуулук иш-чараларына байма-бай катышып, "YoungWings" өспүрүмдөрдү коргоо жана колдоо фонду менен биргеликте оор жаракат алган балдарга жардам берип келет.

13-сентябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: