super.kg logo

"Чек араны тактап, завод-фабрика куруп, иш орун түзүп бербесе, мындай өкмөттүн кереги барбы" дейт депутат Карамат Орозова

 

"Завод-фабрика куруп, иш орун түзүп, элге жеңилдик кылып бербесе, бизге мындай өкмөттүн кереги барбы", - деди бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова.

Депутат Оштун Ноокат району менен Баткендин Кызыл-Кыя районунун ортосундагы талашка түшкөн "Кызыл-Кыя" цемент заводу боюнча маселени көтөрүп, өкмөттүн аракетин чабал деп кескин сынга алды.

"Мен мурда да парламентте көтөрүлгөн, талаш-тартыш жараткан "Кызыл-Кыя" цемент заводу менен Ноокаттын ортосундагы маселени кайра көтөрүп чыгайын. Өкмөттүн 2018-жылдын 13-июнундагы 284-токтому чыккан. Бул токтом чыккандан кийин Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын элинде аябай нааразычылык жаралган. Шаардык кеңештин депутаттары, аксакалдар келгенде өкмөт аларды кабыл албай койгон.

Палатада 6 депутат маселе көтөрүп чыгып, чындыгында туура эмес экенин айтканбыз. Андан соң өкмөттүк аппараттын жетекчиси келип токтомду чакыртып алганын айткан.

Эми мага дагы кат келди. Ошончо элдин, 120 депутаттын алдында чакыртып алдым деп туура эмес маалыматты окуп коюптур. Маселе минтип чечилбейт да. Цемент заводдун үлүшү Ноокат менен Кызыл- Кыянын ортосунда 50/50 деп саясий чечим кабыл алынган болчу. Муну азыркы президентибиз өзү кабыл алган, азыркы өкмөт ошого каршы чыгып жатканы мени өкүндүрөт. Элибиз нааразы болуп жатышат, туруктуулукту сактайлы десек, өкмөт өздөрү чыгарып жатышат.

Азыр ишкер көп, эл өкүлдөрүнүн арасында деле ишкерлер көп. Өкмөт аларга жер, насыя берсин, Ноокат цемент заводу деп куруп коёт. Сөзсүз түрдө заводду Баткенден тартып алышы керекпи? Баткен облусу жаш облус, жардам бергендин ордуна тартып алуунун эмне кереги бар? Баткен облусунда ансыз да чек ара көйгөйү чегине жетип турат, чек араны тактап бербесе, элге иш орун түзүп завод-фабрика куруп бербесе, элге жеңилдик кылбаса, бизге мындай өкмөттүн кереги барбы же жокпу? Өкмөт азыр бюджетке түшкөн акчаны каалагандай калчап, каалагандай буйрукту чыгарып жатат.

Жогорку Кеңеште бул боюнча комиссия түзүлсүн жана "Кызыл-Кыя" цемент заводун Баткен облусуна кайтарып берсин", - деди Орозова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
13.09.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окмот эле эмес депутаттардын деле кереги жок эже
13.09.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
taalay25, Эмне Сапар Исаковдун өкмөтү кыйратып коюптурбу. Миллиондорду тоноп, мамлекеттен казынасына беш колун салып сыртка чыгарып кетишти. Эгер ошолор максаттуу пайдаланганда эмдигиче завод фабрикалар курулуп калмак.
13.09.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Цементтин баары Т.Кулатов (Ноокат) айыл өкмөтүнөн чыгат.Канчалаган тоолорубузду оюп, кесип жерди кемитип атат. Анан Баткенге кантип берип коюш керек? 50/50 да болбойт. Завод к.кия шаарына жакын жайгашкан. Ошол завод курулган жерге ижара акысын төлөсө болот А, бирок, заводту Баткенге өткөрүп берсин дегени, бала-бакчадагы бирөөнүн шоколадын талашып ыйлаган кыздай болуп калыптыр.
13.09.2018. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже бербейбиз заводубузду)))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: