Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты
Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бүгүн, 13-сентябрь күнү саат 16:37де, Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн кесилишине жакын аймакта жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрт чыккан аймакка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ленин райондук өрт өчүрүү бөлүмүнөн 1 ыкчам топ тартылып, учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ӨКМ өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.