super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков: “Акыйкатчылыкка татыктуу деп Канатбек Азизди айта алам”

 

Акыйкатчы ким болот? Аталган кызматта Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ошондон бери акыйкатчы шайланбай келет. Аталган кызматка буга чейин "Ата Мекен" фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуштаарын айткан. Ал эми Акыйкатчы институту аталган кызматка Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев да акыйкатчылыкка талапкерлигин көрсөттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болууга кайсы коомдук ишмер татыктуу деп ойлойсуз?" деген соболуна жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөндөгүдөй болду.

Аскарбековдун айтымында, акыйкатчылыкка бара турган адам программанын атаандаштыгынын аркасында тандалып келиши керек.

“Мен акыйкатчылыкка татыктуу деп Канатбек Азизди айта алам. Ал жаш, жаңы муундан чыккан, өз ишин мыкты билген кадрлардын бири. Ошондой эле юридика илимдеринин доктору. Негизи Акыйкатчылык орунга атаандаштык менен тандалса жакшы натыйжасын берет. Атаандаштык болгондо, ал программанын атаандаштыгы болушу керек. Радио, телекөрсөтүүлөргө өз программалары менен чыгып, дебаттарды өткөрүп, тандап алынса жакшы болмок. Ошондо Акыйкатчы институтунун кадыры бизде эле эмес, эл аралык деңгээлде көтөрүлүп, институт катары өз ишмердүүлүгүн мыкты жүргүзмөк. Атаандаш болуп чыга турчу талапкерлерге Канатбек Азиз, Чолпон Жакупова, Рита Карасартованы белгилейт элем. Бул кызматтын кадыры түшүп кеткен”, - деди Аскарбеков.

Мурдагы акыйкатчылар Кубат Оторбаев, Турсунбек Акун, шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активист Аманбол Бабакулов, журналист Элнура Алканованын пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: