Чүй облусунда кара куурай өстүрүп жүргөн жарандар кармалды
Чүй ОИИБинин Баңги затты мыйзамсыз соодалоого каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери 326 килограмм 530 грамм баңги зат өсүмдүгүн колго түшүрүштү. Бул тууралуу Чүй ОИББинин басма сөз кызматы билдирди. 2-июль күнү Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында короосуна болжол менен 326 килограмм кара куурай өстүрүп жүргөн жашоочу кармалган. Ушул эле күнү Кемин районунун Боролдой айылынын тургуну короосуна мыйзамсыз баңгизат өсүмдүгүн өстүргөнү тууралуу маалымат түшүп, ар бири 530 грамм болгон 16 түп апийим өсүмдүгү колго түштү. Учурда кылмышка шектүүлөр боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.