Усэйн Болт аба мейкиндигиндеги жарышта жеңишке жетишти

Олимпиада оюндарынын 8 жолку чемпиону жөө күлүк Усэйн Болт аба мейкиндигиндеги жарышта жеңишке жетишти. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жарыш модификацияланган Airbus Zero-G учагында уюштурулган. Анда атайын иш-аракеттердин натыйжасында учак ичинде төмөнкү гравитация пайда болгон. Жарышта дүйнө жүзүндөгү эң ылдам адам аталган Болттон башка астронавт Жан-Франсуа Кларвой жана аба мейкиндигинде шампан ичүүгө ылайыкталган бөтөлкөнү ойлоп тапкан дизайнер Октав де Голль катышкан.
Бир нече жолу айланып кеткендигине карабастан Болт бул жарышта жеңишке жетишип, жер жүзүндө гана эмес, аба мейкиндигинде да биринчи экенин тастыктаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.