super.kg logo

Оштогу ишканалардын бири мамлекетке 48 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды

 

Ош облусундагы “В.К.” деп аталган жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан мамлекетке 48 миллион сомдон ашык зыян болгону аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 14-сентябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясы) басма сөз бөлүмүнөн кабарлашты.

Анда аталган кызматтын Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам изилдөө иштерин жүргүзүп, ишкана тийиштүү салыктарды төлөбөстөн цементти жеткирип берип жүргөнүн аныкташкан. Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгы тарабынан салык жана төлөмдөр эсептелип чыгып, ишкана мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 48 миллион 203 миң сом зыян келтиргени белгилүү болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдары өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу) боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы учурда келтирилген зыяндарды кайтарып алуу чаралары көрүлүп жатканы кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.09.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ананайындар абайлагыла! Булда Бир чондун ишканасы эмескенби, себеби мындай чон суммадагы салыкты толобой журу карапайм элдин колунан келбейт.
14.09.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол толобогон ишкананы толук жазышса эл билмек.
14.09.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдир бироого акча керек эптеп сындырышты да чукуланып, окшотуп ,налог толоп чынчыл иштеген ишканалар жокко эсе))) тоже мне справедливость))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: