super.kg logo
  Саясат  

Токон Мамытов акыйкатчы кызматына талапкер болуу үчүн документтерин тапшырбаганын айткан. Иса Өмүркулов Мамытов документ тапшырганын билдирди

 

Бүгүн, 14-сентябрда КСДП фракциясы акыйкатчы кызматына Токон Мамытовдун талапкерлигин көрсөтүү чечимин кабыл алды.

Кечээ, 13-сентябрда Токон Мамытов эч жакка документин тапшырбаганын билдирген. Бирок Иса Өмүркулов Мамытов талапкер болуу үчүн убагында документин тапшырганын SUPER.KG порталына билдирди.

Акыйкатчы кызматында Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ошондон бери акыйкатчы шайланбай келет.

Аталган кызматка буга чейин "Ата Мекен" фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуштаган. Ал эми Акыйкатчы институту аталган кызматка Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев, укук коргоочу Рита Карасартова талапкер болуу үчүн документин тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: