Депутат: "Мигранттардын балдары жалпы республикалык тестирлөөдө тоскоолдуктарга кабылууда"
Мигранттардын балдары Кыргыз өлкөсүнө келип, жалпы республикалык тестирлөөгө катышууда тоскоолдуктарга кабылышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Сагындык Келдибаев айтып чыкты.
Ал бул маселеде мигранттардын балдарына кандай жардам берилерине кызыкты.
Бул суроого билим берүү министринин орун басары так жооп айта алган жок. Ал эми вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тест тапшыруунун шарты бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүнө бирдей каралганын айтып, чет өлкөдөн окуп келген окуучулар кошумча даярдоо курстарына катышуусу керек экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Siren.ms

14.09.2018. 12:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо Кыргызчадан кыйналып жаьышатда балдар ошондойбу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.