"Евровидение" сынагы 2019-жылы Израилдин кайсы шаарында өтө турганы аныкталды



"Евровидение" сынагы 2019-жылы Израилдин Тель-Авив шаарында өтөт. Бул тууралуу сынактын расмий сайты жарыялады.
Маалым болгондой, уюштуруучулар сынакты алгач Иерусалимде өткөрүүнү каалашкан. Бирок көп өтпөй эле масштабдуу музыкалык сынакты өткөрүү үчүн Тель-Авив шаарын ылайыктуу деп чечишкен. Сынак келе жаткан жылдын 14-майында старт алып, 18-майга чейин уланат.
Айта кетсек, аталган сынакта кайсы өлкөнүн ырчысы жеңишке жетсе, сынак кийинки жылы ошол өлкөдө өтөт. Быйыл сынакта израилдик ырчы Нетта Барзилай жеңүүчү аталган. Буга чейин Израилдин таланттары 1978-1979 жана 1998-жылдары жеңишке жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.