Вице-премьер-министр "жоолук салынган окуучулар мектепке киргизилеби" деген суроого жооп берди
Бүгүн, 14-сентябрда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында билим берүү маселеси талкууланууда.
Жыйында депутат Марлен Маматалиев жоолук салынган окуучулар мектепке киргизилеби деп суроо салды.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова окуучунун кийими анын билим алуусуна тоскоолдук жаратпашы керек экенин айтты.
"Мыйзам боюнча, ар бир бала билим алышы керек. Окуучунун билим алууга анын кийими бөгөт болбошу зарыл. Көбүнчө мындай маселелерди окуу жараянына тоскоолдук жаратпасын деп, ата-энелер менен сүйлөшүп, чечип жатабыз", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Эмне эле арабтардын хиджабына жан тартып жатасын.
Анан калса мектеп базар эмес. Ар ким ар кандай кийинип бара турган. Анда башталат дагы, байдын кыздары 10-20 миндик койнок кийип келип мектепти подиумга айлантмай...
Баарына бирдей мектеп формасы болсун, болду...
боз уй тигип Жаша, заман озгорот ошго жараша
кийимдер да озгорот тарыхка салыштырбаш керек