super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Өзүңүз жөнүндө уккан акыркы ушак... Ушакка ишенесиңерби?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өзүңүз жөнүндө уккан акыркы ушак..." деген тема талкууга алынган.

Автор: "Элибизде "эл оозунда элек жок" деп коюшат. Ошол эле учурда "шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" деген да сөз бар. Көбүнчө ушак-айыңдар чыкса, бекеринен эмес, демек, бир нерсеси бар да деп шекшип калабыз. Бирок кээде биз жөнүндө такыр ойго-түшкө кирбеген сөздөр тарап кетет экен. Так ушул тууралуу менин кеп кылгым келип жатат. Өзүңөр жөнүндө кандай ушактарды уктуңар эле? Силер тууралуу айтылып жүргөн сөздөрдүн канча пайыз чындыгы бар?" деген суроо калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Такыр дал келбеген ушактарды угуп калам. Бир туруп жиниң келсе, кээде аргасыздан жылмаясың. Негизи адам баласы тынч, түз жүрө албагандыктан ушундай ушактар чыкса керек... Өзүм ушак сүйлөбөсөм эле болду деп тим болом".

- "Мен жакшы тааныган эле эже сүрөтүмдү көрүп алып "стерва" болуп калыптыр деп туруп, анан өзүнө айтпай эле койгула дептир. Эми мен "стервамын".

- "Өмүрүмдө уккан эң жагымсыз ушагым, тааныш эле бирөө мени тааныгандардын көбүнө "ал ажырашып кеткен, ошол үчүн түнт жүрөт" деп айтып жүргөн экен. Тантыганы аз келгенсип, ал мээси жоктун мага жеткирип коюшарын билген эмес го. Муну уккандан кийин бул жашоого төрөлгөнүнө бушайман кылып койгом!"

- "Мен жөнүндө ушак уктум. Курбумдун жигитине тийишип жатыптырмын".

- "Мен болсо кайрымдуулук фонддун директору экенмин. Муну укканда оозум ачылды, бирок кана эми ошондой болсо, ушакчылардын оозуна май деп".

- "Мен маани бербегенге аракет кылам, "ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген макал бар эмеспи".

- "Мен ушакка маани бербейм, жок маани берем, керек болсо "ушак" ызалантып, ыйлатат да эмеспи... Бирок мен ушакты айткан адамга маани берем. Ар кимдин өз деңгээли болот, демек, ушакка көңүл бурар-бурбасым ошондон көз каранды... Акыркы уккан ушак эсимде жок..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.09.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирөө сени мактаса ушактаганды эсте, сени бирөө ушактаса мактаганды эсте ошондо баланс болот, менин девизим ушундай
17.09.2018. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УШак сөзсүз түрдө айтылат ко, соо жүргөн учурда деле,
17.09.2018. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушакты угуп катанды тууралайсын. Мен капа деле болбойм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: