super.kg logo

Сахалиндеги эски заводдо каза болгон жарандардын сөөгүн алып келүүгө берилчү каражат төлөнүп бериле элек

 

Сахалиндеги эски заводдун кулаган чатырынын алдында калып каза болгон эки Кыргыз жарандын сөөгүн алып келүүгө берилчү каражат төлөнүп бериле элек. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Миграция кызматынын алдындагы Маалымат-консультациялык борборунун башчысынын орун басары Алмаз Алымбаев кабарлады. Анын айтымында, акча алуу үчүн каза болгон жарандардын жакындары кайрылганы менен, документтери жетишсиз болуп калган.

"Сахалинде каза болгон эки жарандын сөөгүн алып келүүгө кеткен чыгымды төлөп берүү иши өкмөттүн көзөмөлүндө турат. Кечээ кырсыктан каза болгон эки жарандын жакындарынын арызы келип түштү. Акчаны алуу үчүн үч документ керек. Бирок биринин өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү каттоодон өтө элек экен. Ал эми экинчисиники арызы жок экен. Ушул жума ичи бизге кайрылышат. Андан кийин документтерди үч күндүн ичинде карап, үч күндүн ичинде эки тарапка 50 миң сомдон акча которуп беребиз", - деди Алымбаев.

19-август күнү күндүз Орусиянын Сахалин облусундагы Поронайск районунда Кыргыз жарандары иштеп жаткан эски заводдун чатыры түшүп кеткен. Кырсыктан эки жаран каза болуп, 5 жаран жаракат алган. Каза болгондордун сөөгү жакындары тарабынан алынып келип жерге берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: