super.kg logo

Тарых музейиндеги коррупция: 118 миллион сом уурдалган, бирок бир да адамга айып тагыла элек

 

"Тарых музейиндеги мыйзамсыз иштер боюнча кылмыш иши качан козголгон, кимдердин тиешеси бар? Ким кымбат таштарды уурдап кеткен?" деп сурады депутат Алмамбет Шыкмаматов фракция жыйынында.

Ал тергөө иштери узарып жатканын эскертти.

"Иликтөө иштери 13-октябрга чейин узартылды. Тергөөнү УКМК жүргүзүп жатат. Мен кимдердин тиешеси бар экенин айта албайм", - деди башкы прокурордун орун басары.

Маалыматка караганда, музейдеги мрамордун 300 чарчы метрден ашыгы СМУ-3 компаниясында турат. Гранитттин 1600 чарчы метри онкология борборуна иштетилген. 405 чарчы метри СМУ-3тө сакталууда.

УКМКнын маалыматы боюнча, эсептөө палатасы текшерүүнү аягына чыгара элек. Алдын ала эсептөө боюнча 118 миллион сом акча каражаты мыйзамсыз пайдаланылган. Бирок укук коргоо органдары бир да адамга айып тага элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.09.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарых музейинин алдына төшөлгөн сейрек кездешүүчү кара мраморлорду АША түнү менен ташып кетип Кой-Таштагы хан сарайына төшөп алган.Тарых музейинин астына төшөлгөн кара мрамор дүйнөдө сейрек кездешкен таштардын катарына кирет жана анын баасы асман чапчыйт. Ал эми музейдин астына төшөлүп жаткан жаңы таштар жалтыраганы менен Кытайдан жасалган сапаттсыз таштар экени ачыкка чыкты. Демек, АША ушул жерден да кызыл кулактык кылган.
14.09.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаевдин адамдары беш колун кайсы жерге болбосун тыга берген экен. АШАдан сураш керек мраморлорду кайда иштеткенин. Беттери такыр жок экен. ЖЭБ, Музей, мумия деги жебеген эмне бар экен.
Erik2018 түзөттү 2018-09-14 15:29:45
14.09.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыптуу эле атасы менен баласы
14.09.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким канча жегенин аныктап, ошо оздору жеген тарых музейге атын жазып калтыргыла, бир табличкага. Урпактар да билишсин, башкаларга да сабак болоор беле...
15.09.2018. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улан Эгизбаев тируу болгондо таап чыкмак эххх
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: