super.kg logo
  Саясат  

Жазык-процесстик кодекске толуктоолор киргизилди

 

Бүгүн, 3-июлда президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам ушул жылдын 30-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал КРнын жазык сот өндүрүшүндө бөгөт коюу чараларын тандоо же өзгөртүү жөнүндө маселелерди кароодо судьялардын көз карандысыздыгын күчөтүү максатын көздөйт. Аталган максатты ишке ашыруу үчүн Жазык-процесстик кодекстин 106-беренесинин 1-бөлүгү ченем менен толукталган. Ага ылайык мамлекеттик саясий жана муниципалдык саясий кызматты ээлеп турган адамдарга, ошондой эле Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнө жеке кепил болуп чыгууга тыюу салынат. Мындан тышкары 122-берене ушул эле адамдарга сотто бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнмө жасоого тыюу салган жобо менен толукталган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: