super.kg logo

"Агамды өз алдынча жазалагандарды жоопко тартууну өтүнөм" дейт 6 жаштагы кызды зордуктаган деп 20 жылга эркинен ажыратылган адамдын карындашы

 

Жалал-Абадда 6 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталып 20 жылга эркинен ажыратылган жарандын карындашы аны өз алдынча жазалап, сабагандарды жоопко тартууну өтүнүүдө. Соттолгон адамдын карындашы жардам сурап укук коргоо уюмуна кайрылган.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 53 жаштагы Ш.Аспердиев (айыпталуучу) Шамалды-Сай шаарындагы заводдо кароолчу болуп иштечү. 2017-жылдын 6-сентябрында ал 6 жаштагы А. аттуу кызга карата сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаган. Бирок айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган эмес. Жабырлануучу кыздын апасы аталган заводдо ашпозчу болуп иштеп келген, кээде жанына кызын ээрчитип келчү. Тергөөнүн жүрүшүндө, кызга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттер кароолчу отурган бөлмөдө орун алганы аныкталган. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча кыздын кыздык белгиси бар, бирок жыныстык мүчөсүнүн тышкы тарабында сексуалдык мүнөздөгү жасалган аракеттердин белгилери бар экендиги аныкталган.

"2017-жылы 22-декабрь күнү агам бир нече адам тарабынан катуу сабалган. Бирок укук коргоо органдары агамды Э.Т. (жабырлануучу кыздын тууганы) аттуу жаран сабады деп жоопкерчиликке тарткан. Ал Таш-Көмүр шаардык сотунун чечими менен 50 миң сом өлчөмүндөгү айып пул төлөп берген", - деп билдирген айыпталуучунун карындашы.

Ш.Аспердиевдин (айыпталуучу) кылмыш иши 2017-жылы 26-декабрь күнү Таш-Көмүр шаардык соту тарабынан каралып, сот аны 20 жылга эркиндигинен ажыратып, жазасын күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абагында өтөөсүн белгилеген. Учурда ал Бишкек шаарындагы №47-түзөтүү колониясында жаза өтөөдө.

Бул жагдай тууралуу комментарий алуу үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылганыбызда: "Мындай кайрылуулар негизи айыпталуучунунун туугандары тарабынан анын жазасын жеңилдетүү максатында жасалып келет. Бирок бул сыяктуу оор кылмыш иштеринде жеңилдиктер каралган эмес. Сот иши айыпталуучунун күнөөлүү эмес экендигин далилдөөчү далил болсо "жаңы ачылган жагдайлар" деп иш кайра каралышы мүмкүн", - деп билдиришти.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.09.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Эмнесин коргойсун ал зоокур агандын,оз алдынча жазалап олтуруп эле коюшбаптыр,6жашар кыз бул наристе да,ага боору оопубаган сага жакшылык кылып кыйратбайт
14.09.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Догурунат го.. тобо
14.09.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Олум жазасын киргизуу керек,ушуга окшогон эшектерди камап баккыча.
15.09.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Уялбайбы дейм да ошентип айткандан. Агасынан айырмасы жок адам экен озу.
15.09.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уялса болмок,абакта коргулукту коротго али
04.10.2018. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анча болду абактагы зекткрдида сотко бер, агамды кыйнады деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: