super.kg logo

Миграция кызматы "Ош базарындагы" радио түйүндөр аркылуу чет өлкөгө жумушка чакыргандарга ишенбөөгө чакырды

 

Миграция кызматынын өкүлдөрү Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында жарандарды "Ош базарындагы" радио түйүндөр аркылуу чет өлкөгө жумушка чакыргандарга ишенбөөгө чакырды. Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотовдун айтымында, айрым жарандар жумушка чакыргандарга ишенип алып, чет өлкөдө кыйынчылыктарга туш болушууда.

"Мосвадагы өкүлчүлүктө иштеп жүргөндө 20-30дай жаран кулчулукка кабылганын айтып кайрылган. Алардын баары "Ош базарындагы" радио түйүндөгү жарыялар аркылуу барышкан. Бул жактан алып кетип жатканда жумуш таап берүүчү адам "жол киреңди, тамак ашыңды төлөйм, баары жакшы болот" деп алып кетишет. Бирок иштөө үчүн бараткандар курулуш иштеринде же башка тармакта иштөөгө тажрыйбасы жок болгонуна карабай барып алышат.

Жумушту өз убагында жетиштүү бүткөрө албай калган учурда келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылышат же паспортун алып коюшат. Ошондуктан чет өлкөгө чыгарда жарандар өз укугу, ал өлкөнүн мыйзамдары менен таанышып барганы оң", - деди Токтоболотов.

Ал жарандар адам сатууга байланышкан фактылар боюнча "1899", миграция маселелери боюнча "1977" кыска номурларына чалуу керектигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
14.09.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мамлекетти орган болгондон кийин. Жарандарды ишенбоого чакыргандын ордуна . Ошол жарыяны чыгарбагыла деп тыйып койсо болот го. Кок мээлер
15.09.2018. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дарыгер,Ага кок мээлердин мээси жетпей жптпайбы иним
15.09.2018. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
СНБданмын деп оозун толтуруп сүйлөгөндөр каякта ? Ошолор териштирип ордуна коюшсун. Улуттук коопсуздук кызматы, улуттун кызыкчылыгын коргош керек.
15.09.2018. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияга стройкага иштегени келбей эле койгула.Ал жактан келгендер эмес,бул жакта жашап иштегендер да алданат.Бироонун айтканына ишенбегиле.Бул жакка келгенден кийин жооп бере албайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: