super.kg logo

SUPER TV: Жан дүйнө. "Мен Жеймс Бонддун сүйгөнүмүн"

 

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.

– Жибек! Артымды кылчайып карасам бою узун, сулуу жигит мага карай келе жатыптыр. Мен дароо анын жакшынакай экендиги жөнүндө ойлонууга жетиштим.

– Кандай?

– Жакшы.

– Мен Русланмын... Сенден 2 курс жогору окуйм. Үйгөбү?

– Ооба.

– Жүр, жеткирип коёюн.

Менин жообумду укпай эле ал колундагы унаанын ачкычынын баскычын басты, ары жакта турган иномарка "чыйп" эте жарыктары күйүп калды. Балким, азыр ушунчалык жаман угулаттыр, бирок ошондо мага Русландан да унаасы жакшынакай көрүнүп кетти.

"Мейли" дедим жылмая. Руслан мени дароо үйгө жеткирген жок, жолдон экөөбүз балмуздак жедик, киного кирдик... Анан уланып кетти. Ал күн сайын мени күтүп алат. Дүкөндөрдү кыдыртат, белек берет. Айтор, ал идеалдуу болчу. Жалгыз жашачу. Мен анын үйүндө түнөп калчу болдум. Экөөбүз ажырабайбыз го деп ойлогом. Бир ирет уктап жатсак түн ичинде кимдир бирөө менен сүйлөштү да, шашып чыгып кетти. Таңга жуук келген. Жуунуучу бөлмөгө кирип барсам, анын ак футболкасы кан болуп жатыптыр.

– Бул эмне? десем, "кой сойдук, ошондон чачыраган" деп койду. Ушундан аз өтпөй боюма бүтүп калды. Русланды кубантам деп ойлогом. Бирок менин идеалдуу жигитим так секирди.

Окуяны толугу менен төмөнкү видеодон көрүңүз.


кошулду





Жан дүйнө. "Мен Жеймс Бонддун сүйгөнүмүн"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.09.2018. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо сенин «коюнду» союп коюптурбу, тушунбодум.
SUPER.KG видео
15.09.2018. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан? Жеймс Бонддон балалуу болдунбу?
15.09.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеймс Бонддтун курсагы чоңго !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: