Чолпон-Атада ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйыны өтөт
13-июль күнү Чолпон-Ата шаарында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин төрагалыгы астында ШКУга мүчө мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйынын өткөрүү пландалууда. Жыйын ушул жылдын 13-сентябрында Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин Башчылар кеңешинин 13-жыйынын өткөрүүгө даярдык көрүү максатында өтөт. Жыйындын жүрүшүндө ШКУ менен кызматташуунун алкагында ар тараптуу пландарды ишке ашыруу жана мындан ары да терең иштешүү маселелери каралат. Жыйынга ШКУнун башкы катчысы катышмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

