super.kg logo

Күбө: "Өрттөнүп жаткан "Мадина" базарына өрт өчүрүүчү унаалар кире албай жатат"

 

Бишкек шаарындагы Чүй-Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Мадина" базарында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалым болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей өрт тууралуу билдирүү саат 22:53тө келип түшкөн.

"Азыркы тапта өрт чыккан жерге Свердлов райондук №3-АӨКБдан 2 бөлүм, саат 23:03тө Октябрь райондук №5-АӨКБдан 1 бөлүм, Свердлов райондук №7-АӨКБдан 1 бөлүм, саат 23:28де Ленин райондук №4-АӨКБдан 1 бөлүм, саат 00:10до Ленин райондук №6-АӨКБдан 1 бөлүм, саат 00:10до Ленин райондук №8-АӨКБдан АКП 1 бөлүм келген. Саат 23:28де штаб жана ӨКМнын Кризистик кырдаал башкаруу борборунан ыкчам тобу иштей баштаган. Ошондой эле ИИМдин кызматкерлери, Суу чарба башкармалыгынан 2 суу ташуучу унаа жана РЭТ кызматкерлери жеринде иштеп жатышат", - деп билдирди маалымат кызматы.

Ал эми күбөнүн айтымында, токтотулган унаалардын айынан өрт өчүрүүчү унаалар базардын ичине кире албай жатышат. Кээ бир айдоочулар унааларын өздөрү айдап кетип жатышса, айрымдарын милиция кызматкерлери атайын эвакуатор менен жылдырганга мажбур болушууда.

"Өрт уламдан-улам күчөп жатат. Токтотулган унаалардын айынан өрт өчүрүүчү унаалар контейнерлерге жакын бара албай тоскоолдук жаралууда", - деп билдирди күбө.

Ошондой эле көпчүлүк соодагерлер күйүп жаткан контейнерлерине өтүүгө аракет кылып жатканын, бирок милиция кызматкерлери аймакты курчоого алганын күбө кошумчалады.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
15.09.2018. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми Мадина калды эле.
15.09.2018. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Емдиги очередь дордой болбосо эле болду. Уйгурлардын бир жели чыгат экенда Эми
15.09.2018. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тундо Кире албаса Кундуз жете да албайт го, коп чыгымы жок очурулсо экен
15.09.2018. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канчалаган адамдар банкрот болду(((
15.09.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым өзү сактасын, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу базарында абал өтө кооптуу. Машина мындай турсун жөө зорго кирип чыгасың. Эч ким эреже сактабайт, кесепети ушул.
15.09.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болду..
15.09.2018. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне себептен акыркы мезгилде орт чыгып жатат копчулук жерлерде!?Суроо туудурбай койбойт.Окунучтуу,банкрот болушту да карапайым калк.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: