Абдышүкүр Нарматовдун үйүн тоноого шектелгендер кармалды
Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулукка кирип, уулуна ок чыгарган деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, кармалгандар башка да киши өлтүрүү, каракчылык, уурулук жана башка кылмыштар боюнча шектелүүдө. "Алардын бири 25 жаштагы Б.И. аттуу адам буга чейин "каракчылык", "баңгизатты мыйзамсыз алып жүрүү", "ээнбаштык" беренелери боюнча соттолгон.
Ал эми кылмыштуу топтун уюштуруучусу Жылдызбек Бекмурзаев аттуу жаран экендиги белгилүү болду. Ал өткөн жылы чек араны мыйзамсыз кесип өттү делинип Казакстандын аймагынан кармалган. Чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн сот Бекмурзаевди 6 айга кескен, бирок ал камактан качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган. ИИМдин пикиринде, ал Кыргыз өлкөсүнө кайтып, жаңы топту түзгөн", - деп жазылат маалыматта.
Ушул жылдын 3-май күнү таңкы саат 4:20 чамасында Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы үйүнө белгисиз адамдар уурулукка кирип, 21 жаштагы уулуна ок чыгарышкан.

Же дин адамдары чекеден бизнесменби?!! Нариатов кечке эл аралап, сабак отуп оз иштери менен журуп, бизнесин туну кылабы эмне?!!
Кылмышкерлер да акчалууну тонойт да, бечара кедейди эмес... Булардын байлыгы кайдан келип жатат?!!
Баса, Акаев да илимдуу окумуштуу болуучу, дин адамы болбосо да. Анын канча миллиард уурдаганын бугун да санап эсептеп бутушо элек.....
АЛЛАХ ТААЛАМ баарыбызга ошол Чубак ажыдай жана Абдышукур ажыдай илим-билим, ыйман берсин! Амиин амиин амиин!
Баарыбызды АЛЛАХ ТААЛАМ жараткан ошол илимдуу инсандардай кулчулук кылып Ислам динине кызмат кылууга.
Талаштын кереги жок, жана ажыларыбызды шылдындап, мазактаганга жол берилбейт!!!
Биринчи кезекте ар бирибиз ой жугуртушубуз керек, мени Ким жараткан жана кимге кулчулук кылуум керек деп