super.kg logo

Тырмооч кармаган чоңдор, таштанды чогулткан аскерлер... Өлкөдө өткөн массалык ишембиликтен фоторепортаж

 

15-сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү. Бул күндүн алкагында Бишкек шаарында жана өлкөнүн 7 дубанында ишембиликтер болуп өттү. Ага президент, өкмөт башчы, министрлер, шаар мэрлери, мамлекеттик кызматкерлер, жеке компаниялардын кызматкерлери, студенттер жана башка жарандар катышты. Республика боюнча жалпысынан акцияга 400 миңге жакын адам катышып, 4 миллион килограммдан ашуун таштанды чогултту.

Ким кандай иштегенине жана кайсы жерлерде тазалоо иштери кызуу жүргөнүнө кызыгып көрдүк.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана президенттик аппараттын кызматкерлери Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык сейил бактын аймагын тазалашты.

Ош шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин аппараты, муниципалдык мекеме-ишканаларынын эмгек жамааты жалпы 500гө жакын катышуучу Токтогул Сатылганов атындагы сейил багын иретке келтиришти. Ал эми Ош шаарында жайгашкан жогорку жана орто окуу жайлар Ак-Буура дарыясынын жээгин тазалап, окуу жайларынын айланасына кам көрүштү. Ага улай жалпы 200гө жакын дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, спортчулар, машыктыруучулар Сулайман-Тоонун тазалыгына салым кошушту.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери дагы бул иш-чараны кайдыгер карап турган жок. Алар да ишембиликке чыгып, шаарды тазалоо иштерине жигердүү катышышты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы аппаратынын кызматкерлери Юлиус Фучик атындагы сейил бактын айланасын таштандылардан арылтты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жамааты Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналынын жээгин жана министрликтин имаратынын айланасын тазалашты. Ал эми өлкө боюнча жалпысынан 4 миңден ашуун ӨКМнын кызматкерлери жана куткаруучулар жалпы ишембиликке катышты.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жамааты да бул иш-чараны колдоого алышты. Бул мекеменин 50дөн ашык кызматкери Бишкек шаарынын жогору жагындагы панорамага барып таштандыдан арылтты. Министрликтин кызматкери Асема Куттубаева алар тазалаган жерде тазалыкка көп көңүл бурулбаганын айтты.

“Жаштардын көбү панорамага барышат, бирок таштандыларды ала кетпей калтырып кетишет экен. Биз аз эле убакытта 215 кап таштанды чогулттук. Биздин катарга ошол аймакта жашаган тургундар, окуучулар өз ыктыяры менен кошулуп, жардам беришти”, - деди Куттубаева.

Ишембиликтен жеке менчик компаниялар да четте калган жок. "Билайн" компаниясынын жамааты Бишкектеги "Мадина" базарынын жанындагы 7-Апрель көчөсүнүн жээгин жана арыктарды таштандылардан тазалады. Жалпысынан "Билайндын" 130га жакын кызматкери ишембиликке чыгып, өлкөнүн тазалыгына салым кошушту.

Ошондой эле "Билайндын" Жалал-Абаддагы кызматкерлери ишембиликке чыгышты.

Аталган компанияда программист болуп эмгектенген Курманбек өлкөнүн тазалыгы үчүн ар бир жаранды кол кабыш кылууга чакырып, шаар таза болсо элдин да ден соолугу чың болорун айтты.

"Биздин компания тазалык күнүнө карата өтүп жаткан шаарды тазалоо демилгесин чын дилибизден колдоп келдик. Буга чейин да коомду жакшы жакка үндөгөн иш-чараларга катышып келгенбиз. Мындан ары ушундай иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп, ага ар бир адам жигердүү катышса дейт элем. Айлана-чөйрө таза болсо, жарандарыбыздын да ден соолугу чың болот. Шаарыбыз да көрктүү болот", - деди ал.

"Бүткүл Дүйнөлүк тазалык күнү" акциясы "Эко Деми" коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулду. “Биз дүйнөнү тазалайбыз!” деген ураан менен бул иш-чара дүйнөнүн 157 мамлекетинде уюштурулду. Кыргыз өлкөсүндө аталган саамалык алгачкы жолу өтүүдө.


кошулду





"Биз дүйнөнү тазалайбыз!" Дүйнөнүн 157 мамлекетинде өткөн акция Кыргыз жеринде да белгиленди

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
17.09.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дурус ошондо не жылына Бир эле жолубу....
17.09.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны мэрдин абалы мышык ыйлагыдай го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: