super.kg logo

Жалал-Абадда кырсыктарды азайтууга арналган жөө жүрүш өттү (фото)

 

15-сентябрда Жалал-Абад облусунда кырсыктардын алдын алууга арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага ӨКМнын министри Нурболот Мирзахмедов, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана облустук, шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, Улуттук Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү, аксакалдар, шаар тургундары, студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кырсык болгон учурда жабырлануучуларды куткаруу, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары көрсөтүлдү. Андан соң жергиликтүү калк жана шаар жаштары өрт өчүрүүчү, атайын жана авариялык-куткаруучу автоунаалардын коштоосунда кырсыктардын алдын алууга арналган жөө жүрүш жасашты.


Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов калкка өзгөчө кырдаалдар коркунучу тууралуу кабарлоо, өзүн сактоо жолдорун үйрөтүү жана окутуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө күч жумшап келерин айтты.

ӨКМнын буйругунун негизинде, 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин өлкөнүн бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында кырсыктарды азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүлмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(3)
16.09.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коопсуз шаарды ишке ашырыш кетек батраак ошондо азаят кылмыш иши.Биз кыргыздар Камерадан,салыктан,коркпосок,гаилерден же кырсыктардан коркпой калдык.
16.09.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушундай журуштор эффект берет.
16.09.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип эффект берет? Жөө жүрүштү, анан 1-медициналык жардамды үйрөнүштү. А алдын алуу жөнүндөчү? Көп болсо 1 айыл эли үйрөндү. Калганычы? Бизде эң көйгөйлүү маселе айдоочулар жол эрежесин сактабайт. Б.а калктуу конуштарда да катуу жүрөт, жол белгилерине баш ийбейт жана сабыры жок. Жол чыракта да жашыл күйгөнгө чейин эле артагылар сигналын басып шашып турушат. Анан кайдан ушуга окшогон жөө жүрүштөн эффект болсун. Ар бирибиз сабырдуу болсок жогоруда айткан эреже бузуулар болбойт эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: