Бишкекте өткөн боёк фестивалы жаштарды шаңга бөлөдү (фото)





















Бүгүн, 16-сентябрда Бишкектеги "Ата-Түрк" сейил багында 300гө жакын адамдын катышуусунда "ColorFest" боёк фестивалы өттү. Кызыктуу иш-чарага келгендер бири-бирине ар кандай түстөгү кургак боёкторду чачып, сейил бактын ичин шаңга бөлөштү. Иш-чараны музыкалык шоу-концерт жана оюндар коштоду.
Уюштуруучу Бегайым Бекболотова иш-чаранын максаты тууралуу буларды айтты.
“Фестиваль жаштардын дем алыш күнүн кызыктуу өткөрүп, алардын өз ара ынтымагын бекемдөөгө, баарлашуусуна көмөк көрсөтүүнү максат кылат. Боёк фестивалы борбор калаада буга чейин бир-нече жолу өткөрүлгөн", - деди ал.
Ушундай эле фестиваль ушул жылдын 30-июнунда Бишкек шаарында болуп өткөн. Алгачкы жолу 2016-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. Фестивалда колдонулуучу кургак боёктор атайын Орусиядан алып келинери айтылды.
Бишкекте боёк фестивалы жаштардын көңүлүн көтөрүп, шаңга бөлөдү


Баягы эле Чубакты ээрчигендер суйлой беришет да. Тиги харам, бул арам дешип эле. Ичтеринде жакшы нерсе ойлошпойт. Уюштурган кызга менден ыраазычылык. Мыкты кыз экенсин жаш болсон дагы. Сендейлер коп жашасын.
ХХХХХХХХХ