КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге Швейцариянын КРдагы элчиси Лоран Ги Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды
Бүгүн КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге Швейцариянын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лоран Ги Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Жолугушууда эки тарап Кыргызстан менен Швейцария өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелердин туруктуу өнүгүшү, мындан аркы кызматташтык тууралуу баарлашты. Элчи Лоран Ги өз кезегинде эки тараптын өнөктөштүк байланышынын бийик деңгээлге чыгышын белгиледи. Министр Эрлан Абдылдаев да элчиге ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

