super.kg logo

"Апамды бычактап, сабап салган адамды милиция кызматкерлери 1 күн камап кайра эркиндикке коё беришти" дейт жабырлануучунун кызы

 

"Апамдын сүйлөй албай кыймылсыз жатканынан пайдаланып милиция кызматкерлери аны сабаган жаранды камактан чыгарып жиберишти" деди SUPER.KG порталына кайрылган Диана Джунушева.

Белгилүү болгондой, окуя Бишкекте 9-сентябрь күнү болгон. "Агам да, мен да шаарда өзүнчө жашап турабыз. Агам апамдан кабар алганы үйгө барганда кечки саат 6:00дөр чамасында аны бычактан жаракат алган абалда көргөн. Ал кансырап, эс-учун жоготуп койгон экен. Ошол учурда үйдө апам менен чогуу жашаган күйөөсү да болгон. "Тез жардам" менен Мамакеев атындагы клиникага алып барышса аны Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборуна жөнөтүшөт. Ошол эле күнү апам инсульт болуп, денесинин оң тарабы иштебей калды. Ал сүйлөй албай, абалы начарлап кеткенде жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Апамды сабап, бычактаган адам окуя болгон күнү кармалып, эртеси бошотулду" , - деди Диана Джунушева.

Азыркы тапта 43 жаштагы аял ооруканада жатат. Инсульт болгондон кийин сүйлөй албай, денесинин оң тарабы иштебей калган. Баш мээси чайкалып, 9 кабыргасы сынып оор абалда жатат. Жабырлануучунун кызы кылмышка катыштыгы бар делген адамдын эркиндикте жүргөнүнө нааразычылыгын айтты.

Жабырлануучунун кызы тергөөчү алардын суроолоруна жооп берүүдөн качып жатканын айтты. "Сабаган адамдын апасы мага "милицияга 20 миң сом бердим. Ошон үчүн аны камактан чыгарышты" деп айтты. Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү болсо "камаганга акым жок" деп жатат. Апам азыр арыз жаза албайт, сүйлөй албайт. Анын ушул абалынан пайдаланып жатышат", - деди ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
17.09.2018. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Закон барбы
17.09.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмне себептен сабапбычактаган.Ким бычактаган.таанышыбы же тааныбайбы.АЛЛАХЫМ шыпаасын берсин.
17.09.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bars_wire,граждандык куйоосу го
17.09.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчасы бара Адам экен
17.09.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иии шыфаа берсин. Негизи эле биздин мамлекетте такыр эле закон иштебейт
17.09.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Копкондук, башка айталбайм.

18.09.2018. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеткен акмакчылык, кылмышкерди койо бергендери, акча десе атасынын абагайын жеген мусорлор, закон деген нол бизде, вообше бардак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: