Мушкер Флойд Мейвезер филиппиндик Мэнни Пакьяо менен реванштык беттеш өткөрөт
Мушкер Флойд Мейвезер филиппиндик Мэнни Пакьяо менен реванштык беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Мейвезер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, беттеш 2018-жылдын декабрь айында болот. "Мен Пакьяо менен боло турган реванштык беттеш үчүн кайтып келдим" деп жазган ал.
Айта кетсек, Флойд Мейвезер 2017-жылдын август айынан бери рингге чыга элек. Акыркы беттешинде ал ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду 10-раундда техникалык нокаут менен жеңип, спорттук карьерасын жыйынтыктаган. 41 жаштагы мушкерге кайрадан спортко кайтып келүүсү тууралуу сунуштар көп түшкөн, бирок спортчу макул болгон эмес.
Мейвезер карьерасында 50 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишкен. Буга чейин Флойд Мейвезер менен Мэнни Пакьяо 2015-жылдын 2-майында Лас-Вегаста беттешке чыгышкан. Анда калыстардын чечими менен Мейвезер жеңишке жеткен.

Пакьяо менен урушкан, ревангка ьалээ барбы?!!
Андан коро ачык чакырык таштаган Головкин менен урушпайбы?! Коркот да, ошого чыкпайт аны менен. Жогоруда айтылганай акча жасоо учун гана чыгат, чыныгы уруштан качып журот Мейвезер...