super.kg logo

ИИМ: Бишкекте бала сатууга шектелген жарандардын саны онго жакын

 

Бишкекте бала сатууга шектелген жарандардын саны онго жакын. Алардын ичинен төрт гинеколог учурда камакта. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда SUPER.KG'ге ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдирди.

"Азыркы тапта бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланышттуу көп нерсе ачыкталбайт. Бул окуяга байланыштуу бала сатууга шектүүлөрдүн баары суракка алынууда, күбөлөр көрсөтмө берүүдө. Балдар кайсы жактан алынганы, алардын ата-энелери барбы? Эгер бар болсо, кимдер деген сыяктуу маселелер териштирүүлүдө", - дейт Б.Сейитов.

Айта кетсек, учурда бала сатууга шектелип кармалган 4 гинеколог соттун чечими менен №1-СИЗОго 2 айга камакка алынды, алардын бири өлкөдөн сыртка чыкпоо талабы менен чыгарылган. Аларга "адам сатуу" "жасалма документ жасоо" жана "мыйзамсыз аборт жасоо" беренелери менен кылмыш иштери козголду.

Эске салсак, милиция кызматкерлери тарабынан 7-сентябрь күнү Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору бала сатууга шектелип кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: