super.kg logo

Royal Sport комплексинен суперакция уланууда: Бир жылдык 100 клуб карталары 12000 сомдон

 

Royal Sport күндүзү жыл ичинде иштетүүчү 12 000 сомдук карталар боюнча суперакциянын мөөнөтүн узартты.
Premium MIX клубдук карталары чектелген серия менен чыгарылды. 12 000 сомдук карталар саат 7:00дөн 18:00гө чейин жарактуу. Картанын ээлери эки баскычтуу машыгуу залына жана бассейнге 10 ай аралыгында кирүү мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул тууралуу комплекстин PR-директору Майкл Бекмамбетов билдирди.

"Бишкектиктерди спорт менен машыгуу жана сергек жашоого болгон аракетин колдоо максатында биз акциянын мөөнөтүн узартууну чечтик. Бардык каалоочуларды биздин ынтымактуу спорттук үй-бүлөбүзгө чакырабыз", - дейт Майкл Бекмамбетов.

Комплекстин өкүлү билдиргендей, аталган клуб карталарынын ээлери 144 жолу Royal Sport`ко кире алышат. Анын ичинде 72 жолу машыгуу залына, дагы 72 жолу спорттук бассейнге барышат.

"Клуб карталарынын ээлеринде картаны 30 күнгө токтотуп туруу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле эки жолу акысыз конок катары кире алышат", - дейт комплекстин өкүлү.

Маалымат үчүн:
Royal Sport - wellness-индустриясындагы бардык талаптарга жооп берген Кыргыз мамлекетиндеги алдыңкы фитнес-борборлорунун бири. Royal Sport`то эки баскычтуу машыгуу залы, кардиозона, эки бассейн, жакузи, буу чыгарган бөлмө, фитнес-бар, унаа токтотуучу жай бар. Бул жерде заманбап фитнестин бардык түрү, жеке жана топтор менен иш алып барууга багытталган программалар бар. Алар чоңдор жана балдар үчүн да каралган. Унаа токтотуучу жайы кайтарууга алынган.

"Royal Sport" комплексинин аянты 1500 чарчы метр. Дареги Чыгыш-5 кичи району, 18/1. Комплекс иш күндөрү саат 07:00дөн 23:00гө чейин иштейт. Ал эми жекшемби күнү саат 10:30дан 23:00гө чейин. Маалымат жана кеңеш алуу үчүн телефон номерлер: 0778 000 888, 0312 36 46 87.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.09.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектиктер Отто онугуп жатканго, азаматтар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: