super.kg logo

Чет өлкөлөрдө 1834 Кыргыз жараны абакта отурат. Алар көбүнчө кандай кылмыш менен соттолгону айтылды

 

Чет өлкөлөрдө 1834 Кыргыз жараны абакта отурат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Алмаз Букалаев пресс-тур учурунда билдирди.

"Биздин маалыматтар боюнча, өлкө сыртында 1 миң 834 Кыргыз жараны абакта отурат. Албетте, бул толук маалымат эмес. Бул статистика чет өлкөлүк тиешелүү кызматтардан бизге келген билдирүүлөргө таянып даярдалган. Биз болушунча так маалымат алганга аракет кылып жатабыз. Соттолгондордун эң көбү Орусия мамлекетинде. Тактап айтканда, ал өлкөдө 1 миң 453 жаран абакта.

Абактагы Кыргыз жарандарынын көпчүлүгү баңгизаттарды ташуу, уурулук, талап-тоноо фактылары менен соттолгондор. Алардын ичинде киши өлтүрүү, зордуктоо фактылары да кездешет. Жасалма документтерди жасоо да эң көп катталган кылмыштардын бири. Айрым Кыргыз жарандары "кара тизмеге" түшүп калгандыгы үчүн жасалма документтер менен өлкөдө жүрүүгө аракеттенип жатышат. Учурдан пайдаланып чет өлкөдөгү жарандарыбызды мыйзамды сактоого чакырат элем", - деди Алмаз Букалаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: