super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз балбаны Амангелди Талантбек уулу алгачкы беттешинде утулуп, кийинки баскычка өтпөй калды

 

Бүгүн, 17-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды. Анда кыргыз спортчулар 4 салмак ченинде күч сынашууда.

Анда 87 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Амангелди Талантбек уулу алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартып, 1/8 финалга өтө албай калды. Ал 1/16 финалдын алкагында беларустук Игорь Ярошевич менен күрөшкөн, беттештин жүрүшүндө Ярошевич 9 упай топтоп кыргыз спортчусун алдын ала утуп алды.

Кыргыз өлкөсүнөн Амангелди Талантбек уулунан тышкары барган балбандар алгачкы атаандаштарын утуп, жарым чейрек финалда күч сынашат. Акжол Махмудов ирандык балбанды утуп алса, Эрбол Бакиров АКШлык балбанды утуп алган. Ал эми Нуртазин Керимберди уулу алгачкы беттешин жарым чейрек финалда өткөрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.09.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алгачкы беттешинде утуп анан чыкпай калдыбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: