Күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Эрбол Бакиров атаандашынан мыкты болуп чейрек финалга чыкты
Бүгүн, 17-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды. Анда кыргыз спортчулары 4 салмак ченинде күч сынашууда.
63 килограммга чейинки салмак чениндеги жарым чейрек финалдык беттеште кыргыз балбаны Эрбол Бакиров армениялык Храча Погосян менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө армениялык балбан алгачкы болуп 1 упайга ээ болгон, бирок Бакиров атаандашын мыкты ыкмада көтөрүп чаап эсепти 5:1ге өзгөрттү. Муну менен эсеп саны беттештин аягына чейин сакталып, Эрбол Бакиров чейрек финалга аттанды.
Айта кетсек, Бакировдон тышкары жарым чейрек финалдык баскычта Кыргыз өлкөсүнөн Нуртазин Керимберди уулу жана Акжол Махмудов күрөшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.