super.kg logo
  Саясат  

Депутат Зиядин Жамалдинов: "Учурунда иштей албай кызматтан кеткен министрлер кийин эле башка бир таасирдүү кызматтарда иштеп жүргөн болот"

 

2005-жылы эл ошол кездеги президент Аскар Акаевдин ишине нааразы болуп, элдик толкундоолордон улам Акаевдин режими кулаган. Мындан 5 жылдан кийин так ушундай нааразычылыктардан улам Курманбек Бакиевдин бийлигинин доору да бүткөн. Ал президенттер "жаман" аталганы менен ошол президенттердин учурунда мамлекеттик ишти жүргүзгөн, аларды жандап жүргөн, чечимдердин кабыл алынышына түрткү болгон аткаминерлердин көбү эч кандай моралдык же укуктук жоопкерчилик тартпай, улам кийинки президенттердин тегерегинен орун таап, иштеп жүрүшөт. "Жаман" болуп жээкке ыргытылган президенттердин вазирлери "жакшы" бойдон, жаңы президенттерди жандап жүрүшөт. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Вазир жакшы - хан жакшы" деген элибиздин даанышман сөзү актуалдуулугун жоготтубу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов жооп берди.

Анын айтымында, мурдагы бийлик учурунда иштеп, бирок азыр да кызматта жүргөндөр көп.

"Кадр маселеси өтө оор болуп жатат. Жаштардан жаңы кадрларды өстүрүш керек болууда. Мурдагы бийлик учурунда иштеп, бирок азыр да кызматта жүргөндөр көп эле. Мен да кээде түшүнбөйм. Учурунда иштей албай кызматтан кеткен министрлер кийин эле башка бир таасирдүү кызматтарда иштеп жүргөн болот. Бир карасаң облус башчысы вице-премьер-министр болуп калат же тескерисинче. Мен да мындай көрүнүшкө терс көз караштамын", - деди Жамалдинов.

Саясатчылар Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев жана коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: