Күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Нуртазин Керимберди уулу атаандашын 1 мүнөт 20 секундда утуп алып, чейрек финалга чыкты
Бүгүн, 17-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. Анда кыргыз спортчулары 4 салмак ченинде күч сынашты.
55 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Нуртазин Керимберди уулу катышып, жарым чейрек финалда сауд арабиялык Али Хаоази менен күч сынашты. Керимберди уулу беттештин башталышанан эле ийгиликтүү ыкмаларды колдонуп, 1 мүнөт 20 секунддун ичинде 8 упайга ээ болуп жеңишке жетишти. Муну менен Нуртазин Керимберди уулу чейрек финалга аттанды.
Айта кетсек, аталган мелдештин чейрек финалына Нуртазин Керимберди уулунан тышкары Эрбол Бакиров жана Акжол Махмудов аттанышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.