super.kg logo

Бишкек ШИИББи Чолпон-Ата шаарында милиция кызматкерлери менен мушташкан жарандарды кармоо боюнча түшүндүрмө берди

 
Бишкек ШИИББи Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында милиция кызматкерлери менен мушташкан жарандарды кармоо боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, 2-июлда Ысык-Көл ОИИБинин тапшырмасы боюнча милиция кызматкерлерин сабоого шектелген жарандарды кармоо болгон. Болжол менен саат 18:30дарда Ибраимов – Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес үлгүсүндөгү унаа менен жолду тосуп, шектүүлөр айдап бара жаткан Тойота-Естима унаасы токтотулган. Унаанын ичинде отурган жарандарга милиция кызматкерлери кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүп, унаадан чыгууну талап кылганда, балдардын бирөө күбөлүктү жулуп алып, айрып салган. Ал эми айдоочу Мерседес унаасын сүзүп, Тойота-Естима унаасын айдап, качып кетишкен. Милиция кызматкерлери табелдик куралды колдонуу менен унааны Москва -  Карпинка көчөсүнөн токтотушкан. Тойота-Естима үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги 27 жаштагы Т.К. (мурун Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон жана буга чейин соттолгон), 23 жаштагы Ш.Э., 20 жаштагы А.Ж. жана М.Д. милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, укук коргоо кызматкеринин көйнөгүн айрып салышкан. Натыйжада бул кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камалышкан. Кармалгандардын бири Т.Кнын чөнтөгүнөн табылган зат текшерүүгө жөнөтүлгөн. Ал эми өзү алган жаракаттарына байланыштуу ооруканага жаткырылган. Кармалгандарды Республикалык наркология борборунда текшергенде 4өө тең баңгизатын колдонгону белгилүү болгон. Бул факт боюнча “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Эске сала кетсек, учурда Чолпон-Ата шаарында 100гө жакын митингчилер бул 4 жаранды коё берүү талабын коюшууда.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.07.2013. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
митинкчилер жаман жадаттыго.достору туугандары чыгып жататда.алардыда бошотуп жибербегиле эми!
04.07.2013. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуусу: милициялар кордук корсотсо жоопко тартылбай эле келет. Буларга бироо катуураак эле суйлоп койсо кылмыш иш козгоп жиберишет. Кыззык... же эмне, милициялар назик келишеби?..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: