super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков: "Иштердин 1 пайызы президенттин ою менен жасалат, калган 99 пайызын вазирлери даярдашат"

 

2005-жылы эл ошол кездеги президент Аскар Акаевдинишине нааразы болуп, элдик толкундоолордон улам Акаевдин режими кулаган. Мындан 5 жылдан кийин так ушундай нааразычылыктардан улам Курманбек Бакиевдинбийлигинин доору да бүткөн. Ал президенттер "жаман" аталганы менен ошол президенттердин учурунда мамлекеттик ишти жүргүзгөн, аларды жандап жүргөн, чечимдердин кабыл алынышына түрткү болгон аткаминерлердин көбү эч кандай моралдык же укуктук жоопкерчилик тартпай, улам кийинки президенттердин тегерегинен орун таап, иштеп жүрүшөт. "Жаман" болуп жээкке ыргытылган президенттердин вазирлери "жакшы" бойдон, жаңы президенттерди жандап жүрүшөт. Мындан улам SUPER.KG порталынын Вазир жакшы - хан жакшы" деген элибиздин даанышман сөзү актуалдуулугун жоготтубу” деген соболуна коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков жооп берди.

Ал бийликтеги вазирлер иштейм деген адамдарга тоскоолдуктарды жаратып жатканын айтты.

"Вазирлердин түрлөрү бар. Аппарата иштеп жаткан орто чендегилер кесипкөйлөр катары кызматта калып жатышат. Аларга каршы сөз жок. Ал эми чечим кабыл алганга тиешеси бар адамдар хандардын алмашканына карабай өз кызматтарында кала беришет. Мисалы, азыр Акаев каякта, алар каякта? Кийин Бакиев келгенде алар анын уккусу келген сөздөрдү айтып, каалаган иштерди жасашты. Андан кийин Атамбаев келгенде алар анын ырын ырдай башташты. Хандар алмашса да кызматта калган вазирлер - өзгөчө адамдар, саясаттагы бир заматта түсүн өзгөрткөн "хамелеондор".

Президент жана премьер-министр болуп келген адамдар мындай көрүнүштөн сабак албай, "ушулар мурда иштеди эле, азыркы абалга жеткиришкен" деген бир да анализ кылбай кайра кызматка алып жатышат. Демек, Кыргыз өлкөсүн туңгуюктан чыгарууга ошол "хамелеондор" тоскоол болууда. Жасалган иштердин 1-2 пайызы эле президент жана премьер-министрдин ою менен жасалган иштер, калган 98-99 пайызды беркилер даярдап келишет.

Булар демилгелери бар жаңы туруп келе жаткан балдарга бут тосуп, жаман сөздөрдү тийгизип, өлкө жетекчилерине жолотпой жатышат. Жаңы балдар чыга албай жатат. Ошентип азыр ошол эле адамдар президенттин аппараты болобу, өкмөттүн аппараты болобу, дале иштеп жатышат", - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, саясатчылар Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров жана саясат таануучу Сейтек Качкынбаев пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: