super.kg logo

Бишкекте чаламандын чак түшүндө белгисиз адамдар 1-курстун студентин бычак менен коркуткан

 

Бишкектин Кара-Жыгач токоюна жакын жерде белгисиз адамдар студент кызга бычак такаган. Бул тууралуу Бактияр Асанов аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жеке баракчасына жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, окуя 15-сентябрда болгон. Окуянын күбөсү Асанов буларга токтолгон.

"Кара-Жыгач токоюна ишембиликке бара жатып жол боюнда ичин кармап ыйлап отурган кызды көрдүм. Бети, колу канжалап отурган кыздын жанында бир кыз менен жигит бар экен. Алар менден "Тез жардам" кызматын чакыруумдуу өтүндү. Мен "103кө" чалдым.

Жабырланууучу кыз 1-курстун студенти. Ал окуу жайга баруу үчүн эки ирет коомдук транспортко отурмак экен. Студент кыз эртең менен окуусуна бара жатып Чүй-Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен түшүп башка маршруттук таксиге отурмак болгон. Жолдун жээгине өтүп жаткан кыздын жанына кара түстөгү унаа келип токтогон. Андан белгисиз адамдар чыгып кыздын оозун жаап, унаага отургузган. Унаанын ичинен кызга бычак такап, бут кийиминин боосун чечип, кызды муунта баштаган. Ошентип аны Кара-Жыгач токоюна чейин коркутуп алып келишип, унаадан алып чыгып "муунтуп, кескилеп, денесин Чоң Чүй каналына ыргытып жиберебиз" деп коркуткан. Жабырлануучу кыз жанында болгон акчасын коркуткан адамдарга бергенден кийин белгисиз адамдар кыздын жанына бычагын таштап кетип калышкан", - дейт ал.

Ошондой эле жабырлануучу кыз унаада дагы бир кыз болгонун, анын жүзү жоолук же кап менен жабылганын айтканын кошумчалаган.

"Мен кызды көргөндө ал сүйлөй албай эле ыйлап жатты. Аны тынчтандырып, "Совет көчөсүнө чейин бара аласыңбы" деп сурадым. Кыз макул болуп, ага ордунан турууга жардам бердим. Анткени оозу жарылган, колунда жана ичинде кесилген жерлери бар болчу. 4-5 метр жолду баскандан кийин кыз эсин жоготуп жыгылды. Мен дароо эле талдын көлөкөсүнө алып барып жаткыргандан 1 жарым 2 мүнөттөн кийин эсине келип, уктап калды. Ал эми мен келгенге чейин жабырлануучунун жанында турган кыз менен бала буюмдарды чачылган буюмдарды чогултуп, кыздын канжалаган бети, колун жууду. 15 мүнөттөн кийин "Тез жардам" кызматы, 30 мүнөттөн кийин милиция кызматкерлери келди", - дейт окуянын күбөсү.

Ал эми аталган факты боюнча Бишкек ШИИББине кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Бизге жогорудагы окуя боюнча маалымат 15-сентябрь күнү саат 13:30да келип түшкөн. Окуянын жерине барганыбызда жабырлануучу эч кандай арыз жазган эмес. Анткени ал ошол маалда нес абалында болгон. Ал эми жабырлануучу кыздын эжеси ал өзүнө келгенде арыз жазарын билдирген. Бул факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталган. Чүй-Жаш Гвардия бульварындагы видео көзөмөлдөр текшерүүгө алынды", - дейт басма сөз кызматы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
17.09.2018. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тобо чак тушто ушинтип бычактап кетип атса , туну ал каракчылар андан да жаман кылмыш кылышса керек, тезиреек таап камагыла мындай каракчыларды, дагы бироо жарымды олтуро электе
17.09.2018. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкекте журуунун озу кооптуу болуп калдыго!?
17.09.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бишкек 13 район ултиматиум
18.09.2018. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samar90,13 район тынч эле бишкеке караганда,минтип кундуз кочодо журсон бычактап кетпейт.
17.09.2018. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул какчылар көпкөн бай адамдардын балдары эле кылып жататко,карапайым элдин балдары артын ойлоп иш кылат эгер мээси болсо!
17.09.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне сөссүз арыз жазганга чейин эле карап отура бериш керекби адам өлүп калганда эмне болмок анда да арыз жазбай өлүп кетти дейт беле иим
17.09.2018. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тезиреек кармап катуу жаза бергиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: