Күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Нуртазин Керимберди уулу 57 секундда атаандашын утуп жарым финалга чыкты
Бүгүн, 17-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. Анда кыргыз спортчулары 4 салмак ченинде күч сынашты.
55 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Нуртазин Керимберди уулу чейрек финалда азербайжандык Зулфугар Алыев менен күч сынашты. Керимберди уулу алгачкы мүнөттөрдөн атаандашына мыкты каршылык көрсөтүп, 57 секунддун ичинде эсеп санын 8:0 кылып, жеңишке жетти. Муну менен Нуртазин Керимберди уулу жарым финалга чыгып, анда ирандык Мохаммед Насирпур менен кездешет.
Айта кетсек, аталган мелдеште кыргыз балбаны Эрбол Бакиров жарым финалга чыкса, Акжол Махмудов чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып көңүл жубатуучу раундда беттешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Cherik.777

17.09.2018. 20:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красавчик кыргыз эли сени менен
monster_high_98

17.09.2018. 21:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ирандыктан сак бол эми
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.